Буга байланыштуу Киевдеги Крещатик жана Эгемендик майданында аскер парады өтөт. Мындан тышкары жалпы өлкө боюнча майрамдык иш-чаралар, көргөзмөлөр, концерттер уюштурулган. Майрамдык иш-чаралардын катарында 2013-жылы ноябрда жана 2014-жылы февралдагы ыңкылапта өлгөндөрдү эскерүү да бар.
24-август Украинанын көз карандысыздык күнү катары 1992-жылдан бери белгиленип келе жатат.