Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:35

Ректорду колдогон Улуттук университеттин окутуучулары митингге чыгышты


Жусуп Баласагын атындагы улуттук университет.
Жусуп Баласагын атындагы улуттук университет.

Бул туурасында “Азаттыкка” Улуттук университеттин басма сөз катчысы Жээнбек Эралиев билдирди. Республиканын билим жана илим министрлигинин алдына митингге чыккан 300дөй окутуучулар университетте өткөрүлгөн аттестациянын жыйынтыгын колдорун билдирип, жаңы окуу жылын тынч баштоо талабы менен чыккан. Чогулгандар министрдин орун басарын күтүп жатышат.

Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынын кабарлашынча, 23-август күнү окуу жайда өткөрүлгөн аттестация мыйзам бузуулар менен өттү деген 30 га чукул окутуучу келип, министр менен жолуккан эле.

Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетте аттестация июнь айынын соңунда болгон. Ага 1338 мугалим катышып, алардын арасынан 70ке чукулу аттестациядан өтпөй калган.

Окуу жайдын жалпы эмгек жамаатын 3000ге жакын киши түзөт жана анда 30 миңге чукул студент билим алат.

Акыркы жылдары Советтер союзу учурунда билим берүүнүн флагманы аталган университеттин айланасында чыр токтобой келатат. Өткөн жылдары ректорду шайлоо боюнча чыр чыгып, бир жылдан ашык окуу жай жетекчиси дайындалбай турган.(AzK)

XS
SM
MD
LG