Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:30

Ниязов: Конституцияга өзгөртүү киргизүү маселеси алты жылда "бышып жетилди"


Бүгүн Бишкекте Конституцияны өзгөртүү маселелери боюнча талкуу өтүп жатат.
Бүгүн Бишкекте Конституцияны өзгөртүү маселелери боюнча талкуу өтүп жатат.

Бул тууралуу президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов бүгүн Бишкектеги Конституцияны өзгөртүү маселеси боюнча талкуу учурунда билдирди. Анын айтымында, Баш мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилсе, президент бийликти алып, премьердин укугу кеңейип, парламент алсыз болуп калат деген чочулоолорго негиз жок. Ниязов өзгөртүүлөр мамлекеттин жана элдин пайдасы үчүн жасаларын айтып, бул жолку референдум Акаев менен Бакиевдин референдумунан түп тамыры менен айырмаланаарын кошумчалады.

Депутат Өмүрбек Текебаев эгер Баш мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынса, бул контрреволюциялык кадам болоорун жана өлкө 2010 – жылдагы абалга кайтаарын эскертти. Ал Конституциядагы кемчиликтерди референдумсуз эле жое турган жолдор бар экендигин белгиледи.

Бүгүн Бишкекте Конституцияны өзгөртүү маселелери боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары, жарандык коом өкүлдөрү жана оппозициялык маанайдагы саясатчылар катышкан талкуу өтүп жатат. (AzK\SDJ)

XS
SM
MD
LG