Линктер

шаршемби, 23-август, 2017 Бишкек убактысы 10:27

Үңкүр-Тоо: телемунаранын төрт кызматкери Өзбекстандын РИИБисинде кармалып турат


Кыргызстандын Чек ара кызматынан “Азаттыкка” малымдашкандай, бул тууралуу 23-августтагы сүйлөшүүлөр учурунда маалым болгон. Өзбек тарап радиорелейлик станциянын кызматкерлери процессуалдык иш-чараларды жүргүзүү үчүн кармалганын, алар боюнча чочулоого негиз жоктугун билдиришкен. Үңкүр-Тоо аймагында азыр абал тынч, тараптар сүйлөшүүлөрдү улантууда.

22-августта Өзбекстан тик учак менен жети милиция кызматкерин Үңкүр-Тоодогу такталбаган аймакка түшүргөн. Кыргыз тарап Өзбекстандан Үңкүр-Тоого өзбек милициясынын келишине түшүндүрмө сурап, аларды тез арада алып чыгып кетүүнү талап кылууда.

Буга чейин 13-августта кыргыз чек арачылары тарабынан кармалган Өзбекстандын милиция кызматкери 22-августта Ала-Бука райондук соту тарабынан айыппул салуу менен бошотулуп, өзбек тарапка өткөрүлүп берилген. (AzK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG