Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:24

Президент чек ара маселеси боюнча эл аралык макулдашуу, келишимдерди текшерип чыгууну тапшырды


Абдылдаев менен Атамбаев
Абдылдаев менен Атамбаев

Бул тууралуу бүгүн ал тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен президенттик аппараттын жетекчи орун басары Сапар Исаковду кабыл алган кезде билдирди.

Атамбаев мурдагы президенттер менен чиновниктер Кыргызстандын жери эсептелген аймактарды башка мамлекеттин жери катары таанып койгон фактылар чыгып жатканын, бул туурасындагы маалыматтарды ал кездеги чиновниктер тыкыр жашырып келгендиктен, эл гана эмес, азыркы бийлик башчылары дагы кабарсыз болгонун айтты.

Ал ошол кездеги документтер ратификацияланбай, күчүнө кирбей турса да келечектеги макулдашууларга негиз болуп, Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоодо кыйынчылык, тоскоолдуктарды жаратып жатканын кошумчалаган.

Мындан улам ал өкмөткө бардык эл аралык, өзгөчө чек ара боюнча макулдашуу, келишим, протокол, меморандумдарды текшерип чыгууну тапшырды.

Бул күндөрү Кыргызстанда кыргыз-өзбек чек арасындагы Үңкүр-Тоо аймагында такталбаган аймак боюнча маселе жаралып, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. (AzK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG