Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:15

Тажик парламенти мунапыс жөнүндөгү мыйзамды кабыл алды


Мунапыс жөнүндөгү мыйзамды өткөн жумада парламентке президент Эмомали Рахмон жөнөткөн эле. Тажик парламенти 24-августта кабыл алган мыйзамга ылайык өлкөдө 12 миңден ашуун киши мунапыс алат. Абактан 3 миңден көп адам бошотулат.

Шарттуу түрдө кесилген 4 миңден ашуун адамдын кылмышы кечирилет, тергөөсү жүрүп жаткан 5 миңден көп кишинин иши кыскартылат. Киши өлтүрүү, террорчулук, диний экстремизм жана башка оор кылмыш боюнча айыпталгандарга мунапыс тарабайт.

Мунапыс Тажикстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналды. Эгемендүүлүк 9-сентябрда белгиленет. (AiT)

 

XS
SM
MD
LG