Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:40

Украина эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгын белгилөөдө


Киев, 24-август, 2016-жыл.
Киев, 24-август, 2016-жыл.

24-август - Эгемендүүлүк күнү Киевде аскердик парад менен коштолду. Шаар борборундагы Эгемендүүлүк аянтынан жөө аскерлер жана оор техника өттү. Украина 1991-жылы СССРдин курамынан чыгып, көз карандысыздыгын жарыялаган. Топтолгон элге кайрылган президент Петро Порошенко “Эгемендүүлүк бизге демократия жана эркиндикти, улуттук биримдикти жана жарандык ар-намысты берди” деди.

1991-жылы ГКЧП аракети оңунан чыкпай калгандан соң үч күндөн кийин Украина парламенти 24-августта өлкөнүн эгемендүүлүгүн жарыялаган. Андан кийин 1-декабрда өткөрүлгөн референдумда украиналыктар парламенттин чечимин бекемдеген. Чыгыш Украинадагы согуш жана Крымдын Орусия тартып алышына байланыштуу Украинанын Эгемендүүлүк күнү аскерий маанайда белгиленүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG