Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:41

Сирия өкмөтү Түркиянын аскерий операциясын айыптады


Түрк танктары “Ислам мамлекети” аталган террордук уюм көзөмөлдөгөн аймактарга киргенден бир нече саат өтпөй Сирия өкмөтүнүн айыптоосу келди.

Операциянын максаты - Түркия колдоого алган Сириянын оппозициялык күчтөрү менен биргеликте Түркия менен чектеш Сирия аймактарын “Ислам мамлекети” аталган террордук уюмдан тазалоо экенин Анкара билдирген.

Аскерий операция башталган күнү, 24-августта АКШнын вице-президенти Жо Байден Анкарага келди. Ал келери менен түрк парламентинин төрагасы Исмаил Кахраман менен сүйлөшүү баштады. Анын ошондой эле түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган жана өкмөт башчысы Бинали Йылдырым менен сүйлөшүүсү белгиленген. Анкарага келери менен Байден Сириядагы Түркиянын операциясы макулдашылганын билдирди.

Байден менен түрк жетекчилигинин сүйлөшүүсүндө Түркиянын Кошмо Штаттар жана Европа Биримдиги менен мамилесинин начарлоосу көңүл борборунда болмокчу. Түркия 15-июлдагы төңкөрүштүн уюштуруучусу катары Фетхуллах Гүленди атап, аны Түркияга кайтарып берүүнү талап кылууда. Вашингтон Гүлендин төңкөрүшкө тиешеси бардыгына далилдерди талап кылган. (AiT)

XS
SM
MD
LG