Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:18

Казакстан журналисттер бирикмесинин төрагасына байланыштуу сот жылды


Сеитказы Матаевдин
Сеитказы Матаевдин

Мындай чечим 23-августта сот тарабынан жоопко тартылып жаткан Сеитказы Матаевдин ден соолугуна байланыштуу кабыл алынды.

Сеитказы Матаев менен кошо уулу, КазТАГдын директору Асет Матаев да айыпталууда. Соттун биринчи күнүндө Матаевдин кан басымы көтөрүлүп, сот залынан ооруканага жеткирилген. Судья Акболат Курмантаев жараян 29-августта уланарын билдирди. Матаевдер февраль айында кармалган.

Аларга финансылык мыйзам бузуу, салыктан качуу айыптары коюлган. Бирок алар айыпты четке кагып, анын саясий өңүтү бар деп билдирүүдө. (AiT)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG