Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:04

Үңкүр-Тоону коргоо комитети элге кайрылуу жолдоду


Үңкүр-Тоо.
Үңкүр-Тоо.

Кайрылууда Өзбекстандын милиция кызматкерлери өзүмбилемдик кылып, Үңкүр-Тоодогу телемунараны басып алып, жумушчуларын барымтага алып жаткан кезде, КТРК аркылуу такталбаган маалымат таратылып жатканына нааразылык айтылган.

“23-августта КТРКнын Ала-Тоо маалымат-аналитикалык программасынан «2006-жылы 3-октябрда ошол мезгилдеги президент К. Бакиев Ташкен шаарында №20 протокол менен сатып жиберген” деген такталбаган маалыматты таркатып, Аксы элин дагы дүрбөлөӊгө салды. Эгерде К. Бакиев Ташкен келишиминде өткөрүп жиберген болсо, аны кайсыл чакырылыштагы Жогорку Кеӊеш ратификация кылды экен”, деп суроо коюшкан кайрылуу ээлери бийликке бир нече талап коюшкан.

Алардын катарында коомчулукка такталбаган маалымат таратканы үчүн КТРК жетекчиси Илим Карыпбеков кызматынан кетүүсү, Үңкүр-Тоо жана Орто-Токой суу сактагычы боюнча келишимдер кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн иштөөсү, ММКлар аркылуу туура эмес маалыматтарды берүүнү токтотууну, КТРК жарыялагандай, 2006-жылы 3-октябрда Ташкен келишимине кол коюп, Үңкүр-Тоону Өзбекстанга берип жиберген Адахан Мадумаров менен Азимбек Бекназаров Аксыга келип, элге түшүндүрмө берүүсүн, “Ата Мекен” партиясынын төрагасы, Башмыйзамдын автору Өмүрбек Текебаев да Аксыга келип, мыйзамдуулук боюнча так маалымат берүүсүн жана ошондой эле Өзбекстанда барымтада жаткан «Кербен РРС-24» радиорелейлик станциясынын төрт кызматкерин кайтарып алуусун кыргыз бийлигинен талап кылышкан.

Үңкүр-Тоону коргоо комитети Аксы районунун жергиликтүү активисттери тарабынан быйыл жазында түзүлгөн. Нооруздун алдында Аксыдагы Үңкүр-Тоо аймагына Өзбекстан аскерий техникасын жайгаштырып, президент Атамбаевдин Ташкен саммитине катышуудан баш тартуу жөнүндөгү билдирүүсүнөн соң, кайра чыгарып кеткен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG