Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:13

Өзүн прокуратура кызматкери катары тааныштырган шылуун аял кармалды


Ички иштер миниcтрлигинин басма сөз кызматынын билдиришинче, кылмышка шектүү М. аттуу аялдын үстүнөн Аламүдүн районунун Луговое айылынын 54-жаштагы тургунунан арыз түшкөн. Маалыматка караганда чала тааныш аял өзүн прокуратура кызматкери катары тааныштырып, анын ишенимине кирген соң "жер алып берем" деп 240 000 сомун алып кайтарган эмес. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө М. аттуу аялдан ушундай эле себеп менен жабыркаган 3 факт аныкталган. Иликтөө иштеринин жыйынтыгында кылмышка шектүү деп 1973-жылы туулган келин кармалып, №1 убактылуу тергөө абагына камалды. Кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. (AzK)

XS
SM
MD
LG