Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:47

Жалал-Абад: Экстремисттик уюмга мүчө адамдардын үйүнөн далил буюмдар табылды


Облустук ИИБнын басма сөз кызматынын билдиришинче, 24-августта Жалал-Абад шаарында “Хизб ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмуна мүчө катары каттоодо турган үч жарандын үйү тинтилип, далил буюм катары тогуз даана китеп, 22 даана DVD диск, үч даана кол телефон жана эки ноутбук алынган. Топтолгон материалдар катталып, соттук-теологиялык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Жалал-Абад облусунун аймагында 500дөн ашык адам “Хизб ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмуна мүчө катары милициянын каттоосуна алынган. Быйыл жыл башынан бери жети адам бул уюмдан чыккандыгын расмий жарыялаган.(RsK)

XS
SM
MD
LG