Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:52

Курманов: Конституциянын жаңы долбоорун жазгандардын юрист деген дипломун алуу керек


Зайнидин Курманов.
Зайнидин Курманов.

“Бийликти узурпациялоого жол жок” кыймылы уюштурган жыйында саясат таануучу Зайнидин Курманов Башмыйзамдын жаңы редакциясында көп пункттары мыйзам бузуу менен жазылганын, өзгөчө адам укугуна зыян келтирчү жагдайлар бар экендигин билдирди. Ал эгер жарандар бул алешемдиктер боюнча Конституциялык сотко кайрылса, утуп чыгарын кошумчалады.

Аталган кыймыл Конституцияны өзгөртүү демилгеси менен чыккан азыркы бийлик өлкөдөгү туруктуулукту бузуп жатканын эскертүүдө.

Кечээ президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов Конституцияга өзгөртүү киргизүү маселеси алты жылда "бышып жетилгенин", Башмыйзамга өзгөртүүлөр киргизилсе, президент бийликти алып, премьердин укугу кеңейип, парламент алсыз болуп калат деген чочулоолорго негиз жоктугун айтып, бул жолку референдум Акаев менен Бакиевдин референдумунан түп-тамыры менен айырмаланарын белгилеген.(AzK\SDJ)

XS
SM
MD
LG