Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Кабулдагы Америка университетине чабуул 12 адамдын өмүрүн алды


Кабулдагы Америка университети учурда коопсуздук күчтөрдүн курчоосунда.
Кабулдагы Америка университети учурда коопсуздук күчтөрдүн курчоосунда.

Ооганстандын баш калаасы Кабулдагы Америка университетине жасалган чабуулдан 12 киши мерт кетти. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик 25-августта маалымдады. Операция маалында чабуул койгон эки согушкер жок кылынган.

Полициянын билдиришинче, курман болгондордун жетөө студенттер, үчөө полиция кызматкерлери жана экөө университеттин күзөт кызматынын өкүлдөрү болгон.

Кол салуу 24-августта кечке маал болгон. Бийликтин маалымдашынча, алгач жардыруу болуп, андан кийин атышуу башталган. Окуу жайдагы 500дөй адам дароо башка жакка чыгарылып кеткен. Чабуул үчүн жоопкерчиликти эч бир топ ала элек. Мурдараак “Талибан” кыймылынын согушкерлери бийликке каршы жаңы “жайкы” кампаниясынын башталганын кабарлашкан эле.

XS
SM
MD
LG