Кыргызстанда 26-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12...17, күндүз 28...33,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 8...13, күндүз 26...31,
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 15...20, күндүз 29...34,
Баткенде түнкүсүн 15...20, күндүз 29...34,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 9...14, күндүз20...25,
Нарында түнкүсүн 6...11, күндүз 22...27.
Бишкекте 26-августта жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 15...17 градус, күндүз 30...32 градус болот.