Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:48

Орусияда аскерлердин даярдыгын күтүүсүз текшерүү жарыяланды


Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу.
Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу.

Орусиянын президенти Владимир Путин Куралдуу күчтөрдүн даярдыгын күтүүсүздөн текшерүүнү дайындады. Бул тууралуу Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу билдирди. 25-31-августка чейин өткөрүлө турган текшерүү Түштүк, Батыш жана Борбордук аскерий бөлүктөрдө, Түндүк флотунда жана аба-десанттык күчтөрдүн башкы командачылыктарында жүргүзүлөт.

2014-жылы Москва Крымды аннексиялап алган соң жана Украинанын чыгышындагы жаңжал башталгандан бери Орусия бир катар аскерлердин даярдыгын күтүүсүз текшерүүлөрдү жана аскерий машыгууларды өткөрүп келет. Украин бийликтери дал ушундай текшерүү, машыгуулардан соң алардын чек арасына жакын аймактарда орус аскерлеринин саны өскөнүнө кооптонууда. Батыш мамлекеттери Орусиядагы аскерий машыгуулардын саны көбөйгөнүнө тынчсыздануусун бир нече ирет билдиришкен.

Акыркы дал ушундай күтүүсүз текшерүү июнь айында өткөрүлгөн.

XS
SM
MD
LG