Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:58

“Элдик парламент” мүчөлөрүнүн туугандары ачык сот болушун талап кылууда


Бийлик каршылаштарынын жашыруун жазып алынган үндөрү.
Бийлик каршылаштарынын жашыруун жазып алынган үндөрү.

Бул туурасында “Азаттыкка” аталган коомдук уюмдун камакка алынган мүчөсү Тойгонбек Калматовдун уулу Нурбек Калматов билдирди. Анын айтуусунда, сот жабык өткөнү жатат жана бул ишке “жашыруун” деген гриф коюлган.

Уюмдун камактагы лидери Бекболот Талгарбековдун жакындары анын ден соолугу начарлап кеткенин билдирүүдө.

Аталган уюмдун кармалган беш мүчөсү - Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Александр Гусев, Марат Султанов жана Тойгонбек Калматовдун иштерин кароо 26-августта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда башталат.

Алар “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” жана “бийлик өкүлдөрүнө күч колдонууга даярдык көргөн” деп айыпталып жатышат.

“Элдик парламент” ушул жылдын апрель айында түзүлгөн. Уюм мүчөлөрү президент Алмазбек Атамбаевдин отчетун талап кылуу жана аны мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирүү, Фарид Ниязов, Икрам Илмиянов, Чыныбай Турсунбеков жана Тургунбек Кулмурзаев өңдүү анын санаалаштарын жоопко тартуу боюнча элдик комиссия түзүү, июнь коогасына күнөөлүүлөрдүн жоопкерчилигин эл аралык сотто кароо деген үч талап менен чыккан. Аталган уюмду Орусиядагы жогорку бийликке жакын генералдар колдорун айтышкан. (AzK)

XS
SM
MD
LG