Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:53

Путин: Орусия өз Паралимпиадасын өткөрөт


Орусиянын президенти Владимир Путин
Орусиянын президенти Владимир Путин

Риодогу Паралимпиададан четтетилип калган орус спортчулары үчүн атайын таймаштар өтөт. Бул тууралуу бейшембиде орус президенти Владимир Путин билдирди. Путин допинг чуусунун негизинде паралимпиадачылардын жайкы оюндарга катышпай калышын "Кремлге каршы жүргүзүлгөн саясаттын кесепети" деп айтты.

Эл аралык паралимпиада комитети 7-августта орусиялык кураманы толугу менен Бразилияда өтчү Паралимпиададан четтетти. Комитет башчысы Филипп Крейвендин айтымында, буга дүйнөлүк Допингге каршы агенттиктин (WADA) иликтөөсү негиз болгон. Кийинчерээк Лозаннадагы Эл аралык арбитраждык соту да бул чечимди бекемдеп, Орусиянын арызын канааттандырган эмес.

Паралимпиадалык оюндар Бразилияда 7-18-сентябрга чейин өткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG