Мындай жардыкты өлкөнүн премьер-министри Маттео Ренци 25-августта жарыялады. Зилзаладан жабыркагандарга жардам иретинде өкмөт 50 млн. евро бөлдү. Ренци дагы кошумча каражат да болорун убада кылууда.
24-августтун таңындагы жер титирөөдөн набыт болгондордун саны 250дөн ашты. 360тан ашуун адам ооруканаларга түшкөнү кабарланууда. Өлгөндөрдүн 200 чамалуусу Аматриче шаарында болгон.
Уранды алдында дагы кишилер болушу айтылып жатат. Издеп, куткаруу иштерине полиция, өрт өчүргүчтөр, аскерлер, ыктыярчылар, жалпысынан 5000дей адам тартылды.