Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:56

“Элдик парламенттин” мүчөлөрүнүн соту башталат


Камакка алынган оппозиция мүчөлөрү.
Камакка алынган оппозиция мүчөлөрү.

“Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деп айыпталган Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Марат Султанов, Александр Гусев жана Тойгонбек Калматовдун үстүнөн соттук териштирүү Биринчи Май райондук сотунда башталат. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Элдик парламент” коомдук уюмунун дагы бир мүчөсү Расул Умбеталиев маалымдады. Анын айтуусунда, сот жабык болот:

-Биздин уюм президентти өз эрки менен бийликтен кетүүсүн гана талап кылганбыз. Акүйгө секирип түшкөн жокпуз же дагы башка массалык баш-аламандыктар болгон жок. Жөн гана демилге үчүн камалып жатышат.

“Элдик парламент” уюмунун лидерлери жана мүчөлөрү 12-майда УКМК тарабынан кармалып, камакка алынган. Ошол күнү алар жыйын өткөрүп, Бишкекте президент Атамбаевдин бийликтен кетүүсүн талап кылган ири митинг өткөрүү максатын билдирип, аны орусиялык генералдар колдоого аларын маалымдашкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG