Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:33

Бишкекте парламент депутаттары жаштар менен жолугушат


Жаштар.
Жаштар.

Жолугушууда “Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө” мыйзам долбоору талдоого алынат. Иш-чара парламент, Билим берүү жана илим министрлиги, Жаштар иши боюнча мамлекеттик агенттик менен чогуу жүргүзүлүп жаткан “Жаштар саясаты аракетте” программасынын негизинде уюштурулууда. Аталган программанын координатору Сарвар Салимовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, демилге мамлекеттин өнүгүүсүндө жаштардын активдүүлүгүн күчөтүүгө багытталган.

Буга чейин аталган программа аймактарда иштеп, Кыргызстандын жаштар саясаты тууралуу пикирлерди жана демилгелерди чогулткан. 26-августта Бишкекте боло турган жолугушуу жыйынтыктоочу болмокчу. Ага студенттер, жарандык активисттер катышары күтүлүүдө. Мындан тышкары жыйынга келе албаган жаштар твиттер, фейсбук сыяктуу социалдык тармактар аркылуу деле пикирлери менен бөлүшө алышат.

“Жаштар саясаты аракетте” өнөктөштүгү Фридом Хауз уюмунун “Кыргызстандагы адам укугун коргоону күчтөндүрүү” программасынын негизинде, USAIDдин колдоосу менен өтүп жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG