Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:36

Кыргызстанда 100 миң кишинин 167си түрмөдө


Бул көрсөткүч менен 94 өлкөнүн ичинен дүйнөлүк рейтингде Кыргызстан 87-орунда турат. Мындай маалыматты Түрмөлөрдү реформалоо боюнча эл аралык уюмдун аймактык директору Азамат Шамбилов билдирди. Анын айтуусунда, абактагы адамдарды ресоциализациялоо программасы, башкача айтканда, аларды жумуш менен камсыздап, түрмөдө жатканда да үй-бүлөсүн багууга жетишүүсүнө мүмкүнчүлүк жок. Ал тургай эркиндикке чыккандан кийин да жумуш табуу оңойго турбайт, деп белгиледи Шамбилов.

Түрмөлөрдү реформалоо боюнча эл аралык уюм алдыдагы эки жылда абактан эркиндикке чыккандарды жумуш менен камсыздоо боюнча мамлекеттик программаларды ишке ашырууну көздөөдө. Буга байланыштуу долбоорлор борбор калаада эле эмес, аймактарда да ишке кирет.

Кыргызстандын түрмөлөрүндө 11 миңден ашуун киши бар. (ZKo)

XS
SM
MD
LG