Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:28

Кербенде Үңкүр-Тоого байланыштуу митинг өтөт


Аксыдагы жыйын, 22-март, 2016-жыл.
Аксыдагы жыйын, 22-март, 2016-жыл.

Бул тууралуу “Азаттыкка” саясатчы Азимбек Бекназаров билдирди. Ал Кербенден митингге катышуу тууралуу чакыруу алганын айтып, барып катышарын кошумчалады. 27-августта өтө турган митингде Үңкүр-Тоо маселесин бийлик тез арада мамлекеттин пайдасына чечүү жана станицияда иштеген кызматкерлерди бошотуу талабы коюлат.

Өзбекстан милициясы Үңкүр-Тоодогу радиорелейлик станцияда иштеп жаткан төрт кыргыз жарандарын 22-августта кармалганын билдирген. Ошондой эле өзбек ИИМи Үңкүр-Тоодогу талаштуу аймак Өзбекстанга карай турганын кошумчалаган.

Учурда Чек ара кызматы жана Тышкы иштер министрлигинин деңгээлинде сүйлөшүүлөр уланууда. Бирок бул сүйлөшүүлөр натыйжасыз болуп жатканына жергиликтүү эл нааразы, кыргыз бийлиги тийиштүү деңгээлде сүйлөшүүлөрдү алып барбай жатканын айтышууда. (SDz)

XS
SM
MD
LG