Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:37

“Элдик парламент” мүчөлөрүнүн соту кийинкиге жылды


"Элдик парламенттин" быйылкы апрель айындагы жыйыны.
"Элдик парламенттин" быйылкы апрель айындагы жыйыны.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда “Элдик парламент” кыймылынын камактагы мүчөлөрүнүн соту башка күнгө жылды. Соттолуучулардын бири Бекболот Талгарбековдун жактоочусу Тимур Жанаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, сот жараяны ачык өткөрүлүүсү тууралуу судьяга өтүнүч киргизилди. Ошондой эле мамлекеттик айыптоочулардын бири процесске келбей койгондугуна байланыштуу жыйын жылдырылып, ал эми сотту ачык өткөрүү маселеси каралбай калды.

“Элдик парламенттин” мүчөлөрү Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров ушул жылдын 24-мартында “бийликти басып алуу” беренеси менен айыпталып кармалган. Андан көп өтпөй Эрнест Карыбеков, Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Кулубаев да УКМК тарабынан “бийликти басып алууга даярданып жатат” деген шек менен камалган.

Кийинки сот жараяны 7-сентябрда өтөт.

XS
SM
MD
LG