Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:30

Атамбаев: кыргыз-кытай долбоорлору өлкө үчүн маанилүү


Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев.
Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев.

Кыргызстанда жүзөгө ашырылып жаткан кыргыз-кытай долбоорлору, анын ичинде энергетика жана инфраструктураны өнүктүрүү чөйрөлөрүндөгү долбоорлор өлкө өнүгүшү үчүн өтө маанилүү. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ци Даюйду дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алганда билдирди.

Жолугушууда Атамбаев Кыргызстандагы жемиштүү ишмердиги үчүн элчиге ыраазылык билдирип, анын Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана өлкөлөр ортосундагы байланыштарды чыңдоого кошкон зор салымын белгиледи.

Кытай менен Кыргызстандын соода алакасы жылына 1 млрд. доллардан ашат.

XS
SM
MD
LG