Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:15

Пакистандын түштүк-батышында куралчан киши алты полиция кызматкерин атып өлтүрдү


Пакистандын картасы.
Пакистандын картасы.

25-августта Пакистандын Иран менен чектеш жайгашкан Гвадар шаарында полиция кызматкерлерине ок атылган.

Полициянын маалымат кызматынын өкүлү Абдулла Ринд билдиргендей, кол салган адам Гвадар шаарынан чыгып келаткан полиция унаасына алгач гранатомет менен атып, андан соң ок чыгарган.

Азырынча чабуул үчүн жоопкерчиликти эч бир терорчул топ мойнуна ала элек. Мурдагы теракттар үчүн Пакистан бийлик өкүлдөрү Белужистандын жикчилдерин күнөөлөп келген. Аталган аймакта оогандык талиптердин да таасири күчтүү жана алардын башкаруу борбору дал ошол жакта жайгашкандыгы айтылып келет.

Талиптердин анабашысы Мулла Актар Мансур АКШнын дрон менен жасалган чабуул учурунда май айында Белужистанда набыт болгон.

XS
SM
MD
LG