Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:07

Укук коргоочулар крымдык татар активисттин бошотулушун талап кылууда


Крымдык татарлардын лидери Илми Умеров.
Крымдык татарлардын лидери Илми Умеров.

Орусия каратып алган Крымдын татар активисти Илми Умеровдун бошотулушун жана ага тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлүшүн Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Крымдын бийлик өкүлдөрүнөн талап кылды.

Крымдык татарлардын Мажилисинин төрага орун басары Умеров ушул жылдын май айында Москва Крымды 2014-жылы аннексиялап алгандыгына кескин сын айткандыгы үчүн жикчил деп айыпталган.

Диабет, жүрөк оорусу жана Паркинсон илдетине чалдыккан 59 жаштагы Умеров 18-августтан бери өз эркине каршы психиатриялык ооруканада кармалып келүүдө.

Москвада жайгашкан Адам укуктары мемориалдык борбору Умеровдун ишин "саясатташкан мыйзамсыз чара" деп атаган.

XS
SM
MD
LG