Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:47

Премьер-министр Ысык-Көлдөгү объекттерди кыдырды


Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көлдөгү жумушчу сапарында Балыкчы шаарындагы борбордук көчөдөгү курулуш иштери менен таанышты. Ал курулуш учурунда кетирилген кемчиликтерди көрсөтүп, жол четине тосмолордун сапатсыз коюлганын айтты.

Премьер Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду жол тилкесинин курулушун көрүп, туура бир жылдан кийин жол толугу менен бүткөрүлүшү керектигин курулуш жетекчилерине тапшырды.

“Кырчын” жайлоосуна барганда премьер-министр 28-августка чейин этно шаарчанын орун алышына байланышкан бардык маселелерди чечүүнү табыштады. Андан соң Бактуу-Долоноту айылындагы Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата салынып жаткан ат майданына жана дене тарбия-саламаттыкты чыңдоо комплексине барып, бардык даярдыктар белгиленген мөөнөттө аяктоо зарылдыгын белгиледи.

Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрь күндөрү өтөт.

XS
SM
MD
LG