Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:38

Өзбек-казак чек арасында убактылуу чектөөлөр күчүнө кирди


Өзбек-казак чек арасы
Өзбек-казак чек арасы

22-августтан 4-сентябрга чейин өзбек-казак чек арасындагы автоунааларды өткөрмө бекеттеринде жарандарды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргени тууралуу Казакстандын улуттук коопсуздук комитетин чек ара кызматы маалымдады.

Чектөө мөөнөтү бүткөнчө чек арадан өтүү мүмкүндүгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерине, расмий делегациялардын өкүлдөрүнө жана эл аралык уюмдардын мүчөлөрүнө гана берилет.

Казакстандын чек ара кызматынын маалымдашынча, мындай чаралар өзбек тараптын демилгеси менен Өзбекстандын эгемендик күнүн белгилөө иш-чараларына байланыштуу киргизилген.

XS
SM
MD
LG