Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:18

Аксы: Үңкүр-Тоо маселесин чечүү талап кылынат


Кербен шаарында Аксы райондук акимчилигинин алдында ондогон адамдар митингге чогулууда. Анын катышуучулары Үңкүр-Тоо маселесин тез арада мамлекеттин пайдасына чечүүнү жана станцияда иштеген кызматкерлерди бошотууну талап кылышат. Бул тууралуу акцияны уюштуруучулардын бири, Аксынын Жаңы-Жол айылдык кеңешинин депутаты Жанарбек Надырбеков билдирди.

Ошол эле маалда Үңкүр-Тоону коргоо комитети бүгүнкү митингге каршы экенин аталган уюмдун өкүлү Шекербек Камчыбек уулу маалымдады. Анын оюнча мындай акциялардан улам бийлик Өзбекстандын айрым бир талаптарын аткарып коюшу мүмкүн деген кооптонуу бар. Анын айтымында, комитет талаштуу маселени чечүү боюнча кыргыз-өзбек комиссиясынын 29-августта чыга турган жыйынтыгын күтүүдө.

Өзбекстан милициясы 22-августта Үңкүр-Тоодогу радиорелейлик станцияда иштеп жаткан төрт кыргыз жаранын кармап кеткен. Кийинчерээк расмий Ташкен Үңкүр-Тоодогу талаштуу аймак Өзбекстанга таандык деп жарыялаган. Учурда эки тараптуу сүйлөшүүлөр уланууда. (NT)

XS
SM
MD
LG