Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:54

БУУ Түндүк Кореяны айыптады


Бул аптада расмий Пхеньян Жапон деңизиндеги суу алдындагы кемеден баллистикалык ракета учурган. 25-август, 2016-жыл
Бул аптада расмий Пхеньян Жапон деңизиндеги суу алдындагы кемеден баллистикалык ракета учурган. 25-август, 2016-жыл

БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяны кезектеги баллистикалык ракета сынаганы үчүн айыптады. Уюмдун 26-августта тараткан билдирүүсүндө Коопсуздук кеңештин мүчөлөрү Пхеньянга катуу чара көрүүнү макулдашканы айтылат.

Түндүк Кореянын негизги өнөктөшү саналган Кытай да бул ирет кескин айыптоону колдоду.

Бул аптада расмий Пхеньян Жапон деңизиндеги суу алдындагы кемеден баллистикалык ракета учурган. Түштүк Корея жана АКШнын маалыматында ракета 480-500 чакырымга чейин жетип, деңизге кулап түшкөн.

Түндүк Корея 2006-жылы биринчи жолу өзөктүк куралын сынаган. Андан бери Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши ага беш жолу санкция жарыялады. Быйыл мартта Түндүк Кореядан минералдык сырьенун эл аралык базарга импорттолушуна жана банк операцияларына тыюу салган.

Буга карабай Пхеньян жыл башынан бери бир нече жолу баллистикалык ракета учуруп, термоядролук түзүлүшүн да сынап көрдү.

XS
SM
MD
LG