Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:47

Президент чек ара коопсуздугун камсыздоону тапшырды


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн коопсуздукка байланыштуу жыйын куруп, мамлекеттик чек араларды бекемдөө, өлкөнүн коргонуу жөндөмүн күчөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат алды. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлагандай, мамлекет башчыга Аксы районундагы Үңкүр-Тоого байланышкан кырдаалды жөнгө салуу, Өзбекстандын аймагында мыйзамсыз кармалып турган төрт кыргызстандыкты бошотуу аракеттери тууралуу да маалымат берилди. Күч органдарынын жетекчилери айрым бир саясатчылар чек ара маселесин өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланууга умтулуп жатканын айтышып, мындай көрүнүш чек ара аймактарында жашаган тургундардын коопсуздугуна коркунуч туудуруп, көйгөйлөрдү чечүүгө жолтоо болорун белгилешкен.

Президент Алмазбек Атамбаев укук коргоо органдарына саясатчылардын жогоркудай аракеттерине катуу бөгөт коюуну жана чек аранын кол тийбестигин, жарандардын коопсуздугун камсыздоону тапшырды.

Ошол эле маалда кыргыз-өзбек чек ара маселесин дипломатиялык жол менен чечүү аракеттери көрүлүшү керектигин табыштады.

Өзбекстан 22-августта Үңкүр-Тоодогу радиорелейлик станцияда иштеп жаткан төрт кыргыз жаранын кармап кеткен. Кийинчерээк расмий Ташкен Үңкүр-Тоодогу талаштуу аймак Өзбекстанга таандык деп жарыялаган. Учурда эки тараптуу сүйлөшүүлөр уланууда. Аксылыктар Үңкүр-Тоо Кыргызстандын жери экенин белгилешип, аны чече албай жатат деп бийликти сынга алып келишет. Ушул тапта райондун борбору Кербен шаарында жүздөн ашык адамдын нааразылык акциясы өтүүдө.(NT)​

XS
SM
MD
LG