Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:23

Аксыдагы митинг аяктады


Кербендеги митинггге чогулгандар
Кербендеги митинггге чогулгандар

Аксы районунун борбору Кербен шаарында кыргыз-өзбек чек ара маселеси чечилбей жатканына нааразылык билдиришип митингге чыккандар тарады. "Азаттык" радиосунун кабарчысы маалымдагандай, нааразылык акцияга жүздөн ашык адам чыгып, алар менен Жалал-Абад облусунун губернатору, УКМК төрагасынын орун басары, ички иштер министринин орун басары, райондун акими жолугушту. Митингдин катышуучулары Үңкүр-Тоо маселесин тез арада мамлекеттин пайдасына чечүүнү жана станцияда иштеген кызматкерлерди бошотууну талап кылышып, бийлик өкүлдөрү бул айтылгандар аткарыла турганын жана коңшулар менен сүйлөшүүнүн жыйынтыгын күтүү зарылдыгын айткандан кийин тарап кетишти.

Өзбекстан 22-августта Үңкүр-Тоодогу радиорелейлик станцияда иштеп жаткан төрт кыргыз жаранын кармап кеткен. Учурда эки тараптуу сүйлөшүүлөр уланууда.

Аксылыктар Үңкүр-Тоо Кыргызстандын жери экенин белгилешип, өзбек тарап менен аны чече албай жатат деп бийликти сындап келишет. (NT)

XS
SM
MD
LG