Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:19

Москва: Басмаканада чыккан өрттөн КМШ жарандары каза тапты


Москва шаарындагы Алтуфьев шоссесинде жайгашкан типографияда чыккан өрттөн он алты адам каза тапты. Бул тууралуу орусиялык булактар жазып чыгышты. РИА-Новости агенттигинин жазышынча, каза тапкандардын баары КМШ жарандары болгон. Курмандыктар арасында кыргызстандык кыздар бар экени айтылып жатат. "Азаттык" радиосу бул маалыматты тактоодо. Маалыматтарда төрт кабаттуу турак жай өрттөнүп кеткен. Азыркы тапта өрт өчүрүлгөн.

Өрттөнгөн объект «Печатный экспресс» ишканасына таандык болгон. Москва бийлиги өрттүн чоо-жайын иликтөөгө киришти. Бул боюнча кылмыш иши козголгону да кабарланды. (NT)

XS
SM
MD
LG