Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:31

Аксыда милицияга элдик кошуун жардам берүүдө


Аксы районунда стабилдүүлүктү сактоо жана эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында элдик кошуун милиция менен бирге иш алып барууда. Бул тууралуу райондук ички иштер бөлүмүнөн "Азаттык" радиосуна билдиришти. Элдик кошуундун курамында жаштар, спортчулар, дин өкүлдөрү бар. Жалпы райондо 50дөн ашык элдик кошуун мүчөлөрү иштеп жатат.

Өзбекстан 22-августта Үңкүр-Тоодогу радиорелейлик станцияда иштеп жаткан төрт кыргыз жаранын кармап кеткен. Кийинчерээк расмий Ташкен Үңкүр-Тоодогу талаштуу аймак Өзбекстанга таандык деп жарыялаган. Учурда эки тараптуу сүйлөшүүлөр уланууда. Аксылыктар Үңкүр-Тоо Кыргызстандын жери экенин белгилешип, аны чече албай жатат деп бийликти сынга алып келишет. Бүгүн райондун борбору Кербен шаарында чек ара маселесин чечүү талабы менен жүздөн ашык адамдын нааразылык акциясы өттү. (RsK)

XS
SM
MD
LG