Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:59

Москва: өрттө жаракат алгандардын аты-жөнү аныкталды


Москвада бүгүн болгон өрттөн жаракат алып ооруканага жеткирилгендер Калбай кызы Кызбурак, Исраил уулу Уларбек, Кадыржанов Нурмухамед болуп чыкты. Бул тууралуу life.ru сайты Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таянуу менен жазып чыкты. Маалыматка караганда, булардын баары Кыргызстандын жарандары. Өрттөн куткаруучулардын бири да жеңил жаракат алып, ага медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен алынган расмий маалыматка ылайык, өрт кырсыгынан каза тапкандардын он беши кыргызстандыктар.

Жалпысынан тилсиз жоодон он жети адамдын өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG