Линктер

шейшемби, 22-август, 2017 Бишкек убактысы 17:13

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Жеңиш Жоробековдун Кербен шаарында жүргөн жеринен "Азаттыкка" билдиришинче, Үңкүр-Тоого байланыштуу жагдайдан улам аймакта милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Ар кандай чагымдын алдын алуу максатында эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө жана аймакта учурда коомдук-саясий кырдаал туруктуу.

Аксы районунда кыргыз-өзбек чек арасындагы Үңкүр-Тоонун тактала элек жерин Өзбекстан милиция кызматкерлерин күтүүсүз таштап кеткен. Ошол жердеги телерадио сигналдарын таратуучу станцияда иштеген төрт кыргыз жаранын камакка алган. Кыргыз тарап болсо жер талаштуу экенин айтып, Өзбекстан менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканын айтууда. (EBM)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG