Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:07

Бишкекте Москвадагы өрттөн каза тапкандарды эскерүү акциясы өтөт


Кырсыкта каза тапкандардын жакындары
Кырсыкта каза тапкандардын жакындары

Аза күтүү акциясы борбордогу Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында саат 12де башталат. Анда Москва шаарында басмаканадан чыккан өрттөн каза тапкан кыргызстандык кыз-келиндер эскерилет. Ага шаар тургундары, жарандык активисттер катышары күтүлүүдө.

Москвадагы өрт 27-августта эртең менен "Печатный экспресс" басмаканасына таандык кампада чыгып, биринчи кабаттан лифттин шахтасы аркылуу төртүнчү кабатка чейин тарап, ал жакта жумушка келип кезек алмашып жаткандар калып калган. Өрттү өчүрүүгө төрт сааттан ашык убакыт кеткен. ТИМдин маалыматы боюнча, тилсиз жоодон он жети адам каза тапты, анын он төртү кыргызстандык.(BkA)

XS
SM
MD
LG