Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:24

Москва: Өрт чыккан имараттын эшиктери жабык болгон


Бул тууралуу “Азаттыктын” орус кызматына Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрткө каршы күрөш, куткаруу күчтөр боюнча башкармалыгын башчысы Дмитрий Ширлин билдирген. Анын айтымында, басмакана жабдыктары сакталган кампадан чыккан өрттү өчүрүүдө 16 адам каза болгон бөлмөнүн эшиги жабык болгону аныкталган. Өрт өчүргүчтөр дубалын талкалап киргенде 16 адамдын сөөгү табылган.

- Өрт-куткаруу кызматкерлери эшиги жабык болгон бөлмөнү аныктады. Анын дубалдарын тешип, кирген учурда каза болгон 16 адамдын сөөгү табылды деп, - билдирди Ширлин.

Ал эми өрт чыккан имараттан 12 адамды куткарылган.

Москвадагы өрт 27-августта эртең менен "Печатный экспресс" басмаканасына таандык кампада чыгып, биринчи кабаттан лифттин шахтасы аркылуу төртүнчү кабатка чейин тарап, ал жакта жумушка келип кезек алмашып жаткандар калып калган.

Өрттү өчүрүүгө төрт сааттан ашык убакыт кеткен. ТИМдин маалыматы боюнча, тилсиз жоодон он жети адам каза тапты, анын он төртү кыргызстандык.(BkA)

XS
SM
MD
LG