Линктер

бейшемби, 17-август, 2017 Бишкек убактысы 03:28

Төлөкан Исмаилова Адам укуктары боюнча эл аралык федерациянын вице-президенти болуп шайланды


“Бир дүйнө-Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын төрайымы Төлөкан Исмаилова Адам укуктары боюнча эл аралык федерациянын вице-президенти болуп шайланды. Бул тууралуу аталган федерациянын расмий сайтында кабарланды. Маалыматка ылайык, Адам укуктары боюнча эл аралык федерациянын Түштүк Африка республикасынын борбору Йоханесбургда жыйыны болуп, ага 120 өлкөдөн укук коргоочулар катышкан. Конгресс жүрүшүндө федерациясынын президенти жана вице-президенттеринин шайлоо өттү. Анда грециялык активист жана аккадемик Димитрис Христопулос президент болуп шайланса, вице-президенттердин бири болуп кыргызстандык укук коргоочу Төлөкан Исмаилова шайланды.

Адам укуктары боюнча эл аралык федерациянын дүйнөдөгү укук коргоо кыймылдарын башын кошкон эл аралык уюм.(BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG