Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:51

Бишкекте Москвадагы өрттөн каза тапкандарды эскерүү акциясы өтүүдө


Москвадагы өрт чыккан имарат
Москвадагы өрт чыккан имарат

Аза күтүү акциясы борбордогу Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында өтүүдө. Анда шаар тургундары, активисттер, саясатчылар эстелик алдына гүл коюп, атайын баракчага көңүл айтуу сөздөрүн жазып жатышат. Акцияга вице-премьер министр Гүлмира Кудайбердиева, президенттик аппарат жетекчиси Фарид Ниязов, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев катышууда.

Акцияда сөз сүйлөгөн Гүлмира Кудайбердиева учурда өрттөн каза тапкандардын сөөгүн алып келүү жана жакындарына жардам көрсөтүү боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди. Ал бул кайгыны саясатташтырбоого чакырды.

Москвадагы өрт 27-августта эртең менен "Печатный экспресс" басмаканасына таандык кампада чыгып, биринчи кабаттан лифттин шахтасы аркылуу төртүнчү кабатка чейин тарап, ал жакта жумушка келип кезек алмашып жаткандар калып калган. Өрттү өчүрүүгө төрт сааттан ашык убакыт кеткен. ТИМдин маалыматы боюнча, тилсиз жоодон он жети адам каза тапты, анын он төртү кыргызстандык.

Бүгүн атайын штаб түзүп, маркумдардын сөөгүн алып келүү боюнча атайын учак жиберилери белгилүү болгон.(BkA)

XS
SM
MD
LG