29-августта президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештеги фракция жетекчилери менен жолугуп, Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү маселесин талкулайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги ишенимдүү булактар билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууда Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү талкууланат.
Фракция лидерлери менен жолугушуу өтөөрүн Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов да тастыктады. Анын айтымында, Башмыйзамды өзгөртүүгө байланыштуу бир топ талкуулар пландалган.
"Ачык-айкындыктын негизинде ар кандай талкуулар өтүп жатат. Эртең биз да карайбыз, түшкөн сунуштар талкууланат. Бул процесс жүрүп жатат”-деди Өмүркулов.
Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар баш болгон беш фракция Конституцияны өзгөртүүнү сунуштап чыккан. Анын негизинде бул жааттагы мыйзам долбоорлор коомдук талкууга коюлган. Бирок өлкөдөгү бир катар саясий күчтөр, оппозициячыл партиялар жана жарандык коом өкүлдөрү Башмыйзам өзгөртүүгө каршылыгын билдирип жатышат.(BkA)