Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:38

Москвада өрттөн набыт кеткендердин сөөгү бүгүн алынып келинет


Москвадагы кыргыз мигранттары курман болгондорду эскерүүдө.
Москвадагы кыргыз мигранттары курман болгондорду эскерүүдө.

Бул тууралуу 28-августта Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинде өткөн жыйында белгилүү болду. Вице-премьер министр Гүлмира Кудайбердиеванын айтуусунда, өрттөн набыт болгон 14 кыргызстандык кыз-келиндин сөөгү салынган учак Москва-Ош-Бишкек каттамын аткарат. Сөөктөрдү аэропорттон үйлөрүнө жеткирип, туугандарынын колуна тапшыруу ӨКМге жүктөлдү.

Элчи Болот Отунбаев сөөктөрдү жеткирүүгө зарыл бардык документтер даяр болгонун жана коштоп баруучу адамдардын тизмеси да түзүлгөнүн маалымдады.

Кeчээ вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева баштаган жумушчу топ атайын учак менен Москвага барган. Жумушчу топтун курамында өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Миграция кызматы жана башка мекемелердин өкүлдөрү бар.

Каза болгондордун сөөгүн алып келүү, аларды акыркы сапарга узатуу боюнча чыгымдарды өкмөт көтөрөрү айтылган.

27-августта Москвадагы басмаканада өрт чыгып, андан 17 киши набыт болгон. 14ү кыргызстандык кыз-келиндер. Алардын улуусу 45 жашта, көпчүлүгү 17-22 жаштагы кыздар. Дагы үч кыргызстандык ооруканада.(LzT;ZKo)

XS
SM
MD
LG