Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:29

Иран Фордо ядролук жайын орусиялык S-300 менен коргоодо


Иран Орусиядан алган S-300 зениттик-ракеталык комплекстерин Фордо ядролук объектинин аймагына жайгаштырды. Өлкөнүн абадан коргонуу күчтөрүнүн жетекчиси Фарзад Эсмаили мамлекеттик телеканалдан сүйлөп жатып кандай гана шарт болбосун, ядролук объектилерин коргоо Иран үчүн эң маанилүү маселе экенин айтты.

Ал ошондой эле бүгүнкү күндө Ирандын аба мейкиндиги аймак боюнча эң коопсуз экенин баса белгиледи.

Мамлекеттик телеканал Орусия чыгарган алыскы радиустагы ракеталык системаларды жана башка курал-жаракты көрсөттү.

Бир аз мурдараак Ирандын рухий көсөмү Али Хаменеи куралдуу күчтөрдүн башчыларына кайрылып, "аскерий камылга коргонуу максатын гана көздөшү керек" деп талап койгон болчу.

"S-300 кол салуучу эмес, коргонуу системасы, бирок америкалыктар биз ага жетпей калышыбызга болгон аракетин жасашты" деди.

Фордо Кум шаарынын борбордук бөлүгүнөн анча алыс эмес жерде жайгашкан.

Быйыл январь айынан тарта бул өзөктүк жайда Иран менен алты дүйнөлүк держава ортосундагы тарыхый макулдашуунун шарттарын аткаруу үчүн уранды байытуу иши токтотулган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG