Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:50

Назарбаев өрт кырсыгына байланыштуу көңүл айтты


Казак лидери Нурсултан Назарбаев он төрт кыргызстандык жарандын өмүрү кыйылган Москвадагы өрт кырсыгына байланыштуу президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине кат жолдоду.

Анда Назарбаев кыргыз жарандарынын өлүмүнө алып келген Москвадагы өрт жана Бишкек-Ош автожолундагы кырсык тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алганын жазган. Ошондой эле жакындарынан айрылгандардын аза кайгысын тең бөлүшүп, кайрат айткан. Кырсыкта жараат алып, бейтапканада жаткандардын батыраак сакайып кетишин каалаган/

Орусия Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко да спикер Чыныбай Турсунбековго телефондон көңүл айтып, өз өлкөсү зарыл болгон бардык жардамды көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

Бүгүн Кыргызстанда Москвада өрттөн курман болгон 14 кыз-келинге жана ошол эле күнү Бишкек-Ош жолундагы автокырсыктан набыт кеткен тогуз кишиге аза күтүлүүдө. Тиешелүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев 28-августта кол койгон. Маркумдарды чет мамлекеттердеги мекендештер да эскерип жатышат.

27-августта Москвада басмакананын кампасында чыккан өрттө кыргызстандык он төрт кыз-келиндин өмүрү кыйылды. Алардын эң улуусу 45 жашта болсо, көпчүлүгү 17-22 жаштагы кыздар эле.

XS
SM
MD
LG