Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:44

Каримов инсульт болгонун кызы кабарлады


Лола Каримова-Тилляева ата-энеси жана үй-бүлөсү менен. Март, 2014-жыл.
Лола Каримова-Тилляева ата-энеси жана үй-бүлөсү менен. Март, 2014-жыл.

Ислам Каримов мээсине кан куюлуп, өткөн ишембиде реанимацияга жаткырылганын кызы Лола Каримова-Тилляева Instagram, Facebook баракчаларына бүгүн, 29-августта жазды.

Каримов учурда Ташкенттеги оорукананын интенсивдүү терапия бөлүмүндө жатат.

Атасынын абалын кызы туруктуу деп мүнөздөөдө. Бирок, айтымында, "азыр кандайдыр бир божомол айтуу эрте".

Өзбекстандын министрлер кабинети 78 жаштагы Ислам Каримов 28-августта ооруканага жатканын кабарлап, бирок себебин жарыялаган эмес.

Өлкөнү 25 жылдан ашуун убакыттан бери башкарып келаткан Каримов 1-сентябрда Өзбекстандын эгемендигинин 25 жылдыгына карата майрамдык иш-чарага катышмак. (RK)

XS
SM
MD
LG