Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:39

АКШ Түркияны Сирия түндүгүндөгү операциясын токтотууга чакырды


Кошмо Штаттар Сириянын түндүгүндө жүрүп жаткан аскерий операцияга байланыштуу "эгер күрөш "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы эмес болсо, анда согушуунун кереги жок" деп эсептерин билдирди. Бул тууралуу бүгүн Пентагон тараткан билдирүүдө айтылат.

АКШнын Коргоо министрлиги кармашып жаткан бардык тараптарды өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук топко каршы күрөш үчүн биригүүгө чакырды.

Сириянын түндүгүндө түрк армиясы жана алар колдогон жергиликтүү оппозициялык күчтөр менен күрт козголоңчуларынын салгылашуусу өткөн аптада Түркия Сириянын чек арадагы Жераблус шаарында аскерий операция баштаганын жарыялагандан кийин башталган.

Анкара жихадчыларга жана күрт отряддарына каршы күрөшүп жатканын айтууда. Түркия аларды террорчу деп эсептейт, ал эми АКШ жихадчыларга каршы натыйжалуу күрөшүп жаткан күчтөр деп атап келет.

Евфрат дарыясынын батыш тарабындагы Манбиж шаарын ээлеп турган сириялык күрттөргө каршы күрөштө аскерлер да, жай тургундар тараптан да жоготуулар бар. (RK)

XS
SM
MD
LG