Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта жаткан шектүү адам бүгүн оозун тигип, ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан "Азаттык" радиосуна ырасташты.
Маалыматка караганда, ачкачылык жарыялаган адам сот ага байланышкан ишти калыс карабай жатат деп нааразы болууда.
Шектүү адамга Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча айып тагылган.