Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:54

Каза болгондордун сөөгү салынган учак Москвадан учуп чыкты


Каза болгондордун сөөгү туугандарынын жана вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева башында турган жумушчу топтун коштоосунда Москва шаарынан Бишкек убактысы боюнча саат 17.00дө учуп чыкты. Учак Москва-Ош-Бишкек багытында учуп келмекчи.

Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, Ош жана Жалал-Абад облусунун тургундарынын сөөгү Кыргызстандын ӨКМ тарабынан Ош шаарына жеткирилип, акыркы сапарга узатуу үчүн жакындарына берилет, ал эми Чүй жана Ысык-Көл облусунун тургундарынын сөөгү Бишкек шаарынан туугандарына берилет.

Москвадагы өрттөн набыт болгондордун жакындарына жана туугандарына көмөк көрөтүү боюнча өкмөттүк штаб 28-августта түзүлгөн. 14 кыз-келиндин сөөгүн Кыргызстанга алып келүү жана акыркы сапарга узатуу боюнча бардык чыгымдар өкмөткө жүктөлгөн.

27-августта Москвадагы басмаканада чыккан өрттөн 17 киши каза тапкан, алардын ичинен 14ү кыргызстандык кыз-келиндер. Набыт болгондордун улуусу 45 жашта, көпчүлүгү 17-22 жаштагы кыздар.(ZKo)

XS
SM
MD
LG