Аймактагы кабарчыбыздын берген маалыматы боюнча, Москвада өрттөн набыт болгондордун сөөгү салынган атайын учакты тосуп алуучулар аэропортко келишти. Алардын катарында Ош, Жалал-Абад облустарындагы өкмөттүн өкүлдөрү, бир катар райондордун акимдери жана айыл өкмөт башчылары бар. Учурда аэропортто 7-8 Тез жардам унаасы, ӨКМдин машиналары турат.
Өкмөттөн кабарлашкандай, Москвадагы өрттө набыт кеткен кыргызстандык кыз-келиндердин сөөгү туугандарынын жана өкмөттүк жумушчу топтун коштоосунда Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө Москвадан учкан.
Маалыматка ылайык, атайын борт Москва-Ош-Бишкек багыты боюнча учуп келет. Ош аэропортунан сөөктөрдү ӨКМ Ош шаарына жеткирип, жакындарына тапшырат. Ал эми “Манас” аэропортунан Бишкек шаарына жеткирип, сөөктөрдү туугандарынын колуна тапшырат. Андан ары үйлөрүнө жеткирүүгө жергиликтүү бийлик ээлери көмөктөшөт. (ErN;ZKo)